Путин аскерлерге кызмат учурунда гаджет көтөрүүгө тыюу салды

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын президенти Владимир Путин кол койгон буйрукка ылайык, аскерлерге кызмат учурунда жана жыйындарда аудио, фото материалдарды жибере турган, геолокациялык байкоосу бар электрондук аппараттарды колдонууга тыюу салынды.

Президент кол койгон Куралдуу күчтөрдүн уставындагы өзгөртүүлөр укуктук маалымат боюнча расмий порталга шаршемби күнү жарыяланды. Документте эреже бузгандарга катаал дисциплинардык чара көрүлө тургандыгы айтылат.

Бир жыл мурда аскер кызматкерлерине жана аскерге чакырылгандарга кызмат учурунда телефон, планшет өңдүү маалымат сактаган жана Интернетке кошулган аппараттарга тыюу салынган.

Украинанын чыгышындагы орусиялык аскерлердин согуштук аракеттерге катышканы жөнүндө иликтөөлөрдө аскер кызматкерлеринин социалдык тармактарга жүктөгөн фото-видеолору колдонулуп келет.