Кыргызстанда «COVID-19» вирусун жугузуп алган жана анын кесепетинен каза болгон медицина өкүлдөрүнө жана башка кызматкерлерге бир жолку акчалай компенсация төлөш үчүн бюджеттен 50 млн. сом каражат бөлүнөт. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Ага ылайык, төмөнкүлөргө бир жолку акчалай компенсация бекитилген. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында медициналык жардам көрсөтүү же илимий изилдөө жүргүзүү учурунда кызматтык милдетин аткарууда COVID-19 инфекциясын жугузуп алган саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык жана башка кызматкерлерине 200 миң сом, коронавирус инфекциясын жугузуп алуунун кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 млн. сом өлчөмүндө кенемте төлөнөт.
Бир жолку акчалай компенсацияларды төлөш үчүн Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан комиссия түзүлүп, кызматтык териштирүүнүн негизинде чечим кабыл алынат.
Жалпысынан 6-майга карата Кыргызстанда коронавирус 871 адамдан табылды, алардын 217си медицина кызматкери. 12 бейтап кайтыш болду, алардын бири Бишкектеги №3 бейтапкананын дарыгери болчу. 600 адам айыгып чыкты, алардын 150сү медицина кызматкери. (TSh)