Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы премьер-министр жана экс-транспорт министри Кубанычбек Жумалиев “мамлекеттик кызматта иштеп турган учурда коррупциялык иштерге аралашкан эмесмин, байлыгымды адал жол менен тапкам” деп жергиликтүү телеканалдардын бири аркылуу Куранды кармап элге кайрылды.
“Мен, Жумалиев Кубанычбек 1992-жылдан 2005-жылга чейин иштеген учурда бир дагы коррупциялык ишке аралашкан эмесмин. Экинчиден, туугандарым келгенде идеямды айтып, бирок алар өз эмгеги менен тапкан акчасына сатып алып иштеп жатышат. Кайсы учурда болбосун, так жана таза адам катары жүрөм”, - деди Жумалиев.
Буга чейин социалдык тармактарда Сыймык Жапыкеев аттуу мурдагы прокуратура кызматкери Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, алар күмөндүү жолдор менен байыган деп айыптаган. Алардын арасынан депутат Кубанычбек Жумалиевди кескин сындап, ишканаларын текшерүүнү талап кылып чыгууга коомчулукту үндөгөн болчу.
2019-жылы ноябрь айында да "Economist.kg" басылмасы жана «Декларатор» долбоору депутаттын мүлкү тууралуу тапшырган декларациясы менен ачык булактарды салыштырып, Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы премьер-министр Кубанычбек Жумалиев Кыргызстандын аймагында катталган 33 фирмасын декларацияда көрсөткөн эмес деп жазып чыгышкан.
Анда Юстиция министрлигиндеги жана OsOO.kg сервисиндеги ачык базалардагы маалыматтарга караганда, депутат өлкө аймагында каттоодон өткөн 33 фирманы негиздегендердин бири, айрымдарында жетекчи катары эсептелээри айтылган.
Кубанычбек Жумалиев Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүккө кирген "Бир Бол" фракциясынын мүчөсү. (TSh)