Жалал-Абад шаарында эки айда 63 млн. сомдук салык чогултулбай калды

Жалал-Абад шаары. Май 2020-жыл.

Шаар аймагында март-апрель айларында республикалык жана жергиликтүү казынага 63 млн. сомдук каражат түшпөй калды. Калаа башчысы Мураталы Тагаев “Азаттыкка” билдиргендей мындан улам бюджеттин аткарылышына да өзгөртүүлөр киргизилди.

“Быйыл шаардын Шопоков көчөсүн реконструкциялоого каралган 58 млн. сом каражатты токтоттук. Бюджетке өзгөртүү киргизүү менен чыгымдарды кыскартып жатабыз. Буга чейин илдетке каршы күрөшүүгө шаар казынасынан 7 млн. сомго чукул акча иштетсек, алдыдагы кесепеттерди жоюуга кошумча 10 млн. сом бөлдүк. Бул багытта салык кызматы жана башка мекемелерге бюджеттин толук аткарылышын камсыздоо максатында көмүскө экономиканы карап чыккыла деп тапшырма бердик. Алар ишкерлер жана башка тармактар менен сүйлөшүп, казынадан кемиген акчанын ордун толукташ кажет”, - деди Тагаев.

Шаай аймагында 1-майдан тартып 83 ишкердүулүккө уруксат берилген. Өндүрүш тармагы, курулуш, соода чөйрөсү, жеке нотариустар, такси кызматы, чачтарач жана мебел жасаган цехтер бар. Бул жалпы калаадагы ишкердүүлүктүн үчтөн бирин түзөт. 5-майда аларга санитардык талаптардын аткарылышы боюнча рейд жүрдү. (RsK)