ДССУ АКШ бийлигин чайкоочулукка айыптады

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жетекчилиги

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирус Кытайдын Ухань шаарындагы лабораториядан чыккандыгы тууралуу АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун билдирүүсүн сынга алды.

"Биз АКШ өкмөтүнөн вирустун пайда болгон болжолу тууралуу эч кандай айкын маалыматтарды алган жокпуз. Андыктан биз үчүн бул билдирүү чайкоочулук бойдон калууда", - деди уюмдун саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдар программасынын директору Майкл Райан 4-майдагы жыйында.

Мындан улам уюм өз колундагы далилдерге көңүл буруп жатканын кошумчалады. Райан Кошмо Штаттарды вирустун пайда болуу тарыхы тууралуу саясий эмес, «илимий» иликтөө жүргүзүүгө чакырды.

АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео 3-майда жаңы коронавирус Ухандагы лабораториядан чыккандыгы боюнча «көптөгөн далилдер бар экенин» айткан.

Эртеси Кытайдын мамлекеттик CCTV телеканалы Помпеонун бул билдирүүсүн кескин сынга алып, мамкатчынын айткандары «толугу менен жалган» экенин маалымдаган.