Ысык-Көл облусунда коронавирус жуккандардын баары айыкты

Ысык-Көл.

Ысык-Көл облусунда COVID-19 жуккан бейтаптардын баары сакайды. Бул тууралуу 5-майда Саламаттык сактоо министрлигинин облустагы координатору Мирбек Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, облуста бардыгы болуп коронавирус жуктуруп алган 10 адам катталган жана бүгүнкүгө чейин алардын тогузу айыгып чыккан. Ал эми 5-майда онунчу бейтап, Балыкчы шаарынын Орусиядан келген тургуну сакайып, үйүнө чыгарылды. Анын экинчи жолку ПЦР анализи таза чыкты:

«Азыркы тапта Ысык-Көл облусунда COVID-19 менен ооруган бейтап жок, бардыгы сакайып, үйүнө чыгарылды. Ал эми 70ке жакын адам байкоо иретинде обсервацияда жатат. Алардын көбү чет мамлекеттен келгендер, абалы туруктуу».

Жалпысынан 5-майга карата Кыргызстанда коронавирус 843 адамдан табылды, алардын ичинен 11 бейтап кайтыш болду. Сегиз бейтап оор абалда, алардын бешөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. 600 бейтап айыгып чыкты. (KS)