Түркмөнстанда катуу шамалдан жапа чеккендер жардам алган жок

Лебап району. 28-апрель, 2020-жыл.

Түркмөнстандын Лебап жана Мары облустарындагы бир катар шаарлар менен райондордун тургундары өкмөт өткөн жумадагы кыйратуучу шамалдан кийин аларга эч кандай жардам бербегенин айтышууда.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарына караганда, 27-апрелде кечки саат 7лерде болгон катуу шамалдан каза тапкандар 30 кишиден ашты.

Кырсык болгондон бери бир жума өтсө да канча адам каза болгону, канчасы табылып, канчасы дайынсыз жоголгону тууралуу расмий Ашхабад бир да маалымат чыгара элек.

Кырсыктан жапа чеккен аймакта 4-майда нөшөрлөгөн жаан жаады. Азык-түлүк кымбаттап кетип, тамак-аш тартыш болуп турганын «Азаттыктын» кабарчысы билдирди.

Айрым жергиликтүү жашоочулар бийлик өкүлдөрү аларды «өкмөткө эч кандай дооматым жок» деген кагаздарга кол койдурушканына нааразы болушууда.

Лебап районунун борбору Түркмөнабад шаарында чыгымга учураган үй ээлерине арзаныраак баада курулуш материалдарын сунуш кылып жатышат. Бирок элдин колунда нак акча жок экени айтылууда.

Шамалдан кийин газ жана суу берүү калыбына келтириле элек.