Ирандын президенти Хасан Роухани мамлекеттик телеканалдан коронавирус жайылуу коркунучу аз аймактарда 4-майдан тартып мечиттер ачыларын билдирди. Ислам жумуриятында марттын башынан тартып коронавирус жайылып кеткенде мечиттер жабылган.
Роухани 3-майдагы атайын комитет өткөргөн телеконференцияда өлкөнүн административдик аймактарынын үчтөн биринде, 132 райондо “мечиттер кайра ачыларын” айтты.
Роухани “чогуу намаз окуганга караганда обочо болуу маанилүү” экенин белгилеп, ислам оболу жеке коопсуздук чараларын жактарын, мечитте намаз окуу “сунуш кылынарын” белгиледи.
Иран лидери атайын комитет өлкөдө 16-майдан тартып мектептерди ачууну чечкенин да айтты.
Иранда расмий маалыматка ылайык, 96 миңден ашуун киши коронавируска чалдыгып, 6150дөн көп адам көз жумган. CОVID-19 вирусун жуктургандар февралдын ортосунан баштап катталган.
2-майда Ислам жумуриятында 10-марттан бери оору жуктуруп алгандардын эң аз көрсөткүчү катталды.
Эксперттер Иран бийлигинин коронавируска байланыштуу берген маалыматынан күмөн санашат. Алардын пикиринде, Иранда ооруга чалдыккандардын жана андан көз жумгандардын саны расмий маалыматта айтылгандан алда канча көп болушу мүмкүн.