Ысык-Көл облусунан чыгууга тыюу салынды

Иллюстрациялык сүрөт.

4-майдан тартып Ысык-Көл облусунун тургундарына башка аймактарга барууга тыюу салынат. Мындай чечим 3-майда облустук ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды. Ага ылайык, аймак тургундары жүйөлүү себептер менен башка региондорго райондук администрациялардын жана Каракол, Балыкчы шаардык мэриялардын өткөрмө уруксат кагаздарынын негизинде гана чыга алышат. Облус аймагына кирген учурда жарандар экспресс-тест же ПЦР анализ тапшыргандыгы жөнүндө маалымкатты көрсөтүүгө тийиш. Ошондон кийин 14 күндүк үй карантинине алынат. Бул шарттар Ысык-Көл облусунун аймагына кире турган бардык адамдарга тиешелүү. Облустук штаб элди бул шарттарды түшүнүү менен кабыл алып, өзгөчө кырдаал режиминин шарттарын сактоого чакырды.

Облустук штабдан "Азаттыкка" маалымдашкандай, мындай чектөөлөр өзгөчө кырдаал режиминин соңуна чейин сакталат.

Коронавирустун жайылуусунун алдын алуу максатында Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. Оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абал 10-майга узартылган. (KS)