2-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Бишкек.

2-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 19…24;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21 болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 22…24 градус болот.