Зайырбек Ажыматов менен коштошуу зыйнаты өтүп жатат

Зайырбек Ажыматов менен коштошуу зыйнаты. 01.05.2020

Ушу тапта белгилүү акын, «Азаттык» радиосунун кабарчысы, дүйнөдөн мезгилсиз өткөн Зайырбек Ажыматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.

Маркумдун сөөгү бүгүн 1-майда Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилет.

Коштошуу зыйнаты Ажыматовдун үйүндө, «Дордой» конушунда өтүүдө.

Ага президенттин кеңешчиси Султан Раев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов баштаган бийлик өкүлдөрү, маркумдун калемдештери, коомчулук өкүлдөрү, кесиптештери жана жакындары катышууда.

Бир нече китептин автору, көп жылдан бери медиа тармагында эмгектенип келген журналист 29-апрелде 44 жашында дүйнөдөн кайтты.

Ажыматов журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштап, «Кыргыз Туусу», «Бишкек таймс» гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында иштеген. «Азаттык» радиосунда 2014-жылдан бери эмгектенип жаткан.

2019-жылы «Жүрөктөгү бороон» жаңы ырлар жыйнагын чыгарган. Ушул эле жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери наамына ээ болгон.