Москва: COVID-19 кыргыз студенттерине жукту

Москвада кеминде эки кыргызстандык студентте коронавирус аныкталып, алар тыкыр көзөмөлдө.

Орусиянын жогорку окуу жайлары 17-марттан тартып аралыктан окутууга өткөн. Чек аралар жабылып, аба каттамдары токтотулганга чейин билет алып, Кыргызстанга учуп кетүүгө студенттердин бир тобу гана жетишкен.

Үйлөрүнө кайта албай калган жүздөгөн студенттердин жатаканаларда камалып калышы коронавирус тез жайыла турган кооптуу очокторду жаратууда. Орусиянын аймактарында студенттик жатаканаларда коронавирус аныкталып, имараттар толугу менен карантинге алынганы апрелдин башында эле кабарланган.

Өткөн жумада Москвадагы Аскердик университеттин тогуз курсантында COVID-19 тастыкталып, алар Коргоо министрлигинин бейтапканасына жаткырылганы маалым болгон. "Азаттыкка" түшкөн маалыматтарга ылайык, алардын арасында бери дегенде бир кыргызстандык студент бар.

Буга чейин Санкт-Петербургдагы Аскердик-медициналык академияда 55 курсантта илдет аныкталган. Коронавирус Тюмендеги Жогорку аскердик окуу жайында жана Москвада Аскердик деңиз окуу жайында да чыккан.

Бул кезде ондогон кыргызстандык студенттер Москвада оору чыгып, карантинге алынган жатаканаларда күн көрүшүүдө. Адатта орус калаасында жакын туугандары жок, күнүмдүк тиричиликке Кыргызстандагы ата-энесинен жардам алган студенттер стипендияга жашап келишет. Ошол эле кезде күнүгө онлайн лекцияларга катышып, сессия тапшырууга камданып жатышат.

Орусиянын жогорку окуу жайларында 13 миңден ашуун кыргызстандык билим алат.

Султан Кубанычбек уулу

Султан Кубанычбек уулу Москвадагы Улуттук өзөктүк изилдөөлөр университетинин Финансы технологиялары жана экономикалык коопсуздук институтунун 3-курсунун студенти.

Дагы жыйырмадай кыргызстандык жашаган Царицыно районундагы жатакана карантинге алынган.

- Жатакана бир нече корпустан турат. Биздин корпуста төрт студент коронавируска шектелип, аларды өзүнчө бөлүп кетип, бизди болсо карантинге жаап салышкан. Бир бөлмөдө үчтөн адам жашайбыз. Коридор, санузелди жууп, тазалап кетишет. Бөлмөдө биз кандай санитардык нормаларды сакташыбыз керектиги тууралуу дайыма маалымат берип турушат. Имараттан чыга албайбыз. Тамак-ашты курьерлер аркылуу заказ кылабыз. Бир эже «карантиндеги студенттерге деп» бир баштык жибериптир. Аны алдым, рахмат.

Бул жакта бир айга азык-түлүккө жок дегенде 8-10 миң рубль керек. Стипендия алам, ата-энем, туугандарым акча салып турушчу. Азыр эми стипендияга жашап калдым. 2800 рубль алам.

Окуу кадимкидей өтүп жатат. Сессияга камданып жатабыз. Коронавируска байланыштуу каникулдан улам сессия эки жумага жылды. Июлдун башында бүтүп калат. Чек ара ачылса эле үйгө кетет элек.

Султандын айтымында, Улуттук өзөктүк изилдөөлөр университетинде кеминде элүүдөй студент окуйт.

"Ата-энебизден жардам келбей калды"

Ал эми Аида Айдаралиева Орусиядагы студенттер Кыргызстандагы ата-энелеринен жардам ала албай калышканын айтат. Өзү Москвадагы тамак-аш өндүрүшү университетинде 4-курста окуйт.

- Үйлөрүнө кете албай калган студенттердин баары жатаканаларда. Басымдуу бөлүгү чет өлкөлүктөр жана алыскы региондордон келгендер. Университеттин Печатники жана Сокольники райондорундагы жатаканаларында жыйырмадай кыргызстандык бар. Азык-түлүктөн баары эле кыйналып жатышат. Стипендиябыз жетпейт. Элчиликке кат жазганбыз. Казакстандын элчилиги 200дөй студентин марттын аягында эле чыгарып кетишкен.

Жатаканада коронавирус жуктургандар болуп жатат. Аларды жатаканадан чыгарып жиберебиз дегенге чейин барып жатышат. Көзөмөл катуу, короого жумасына эки жолу 1,5 сааттан эле дем алууга чыгабыз. Түшкү тамак менен камсыздап жатышат. Бирок мусулман туугандар ал тамакты жей албадык.

Кыргызстандагы абал да оор. Ата-энебиз иштебей, үйдө отуруп калышты. Акча салыңыз деп сурансам, алардын да азыр шарты жок. Мурда кем-каржыма акча салып турушчу. Москвада иштеген туугандар өздөрү азык-түлүккө муктаж болуп турушат.

Элдияр Мурзаканов

Элдияр Мурзаканов - Орусиянын Эл достугу университетинин магистранты. Ал бул университеттеги жердештердин биримдигинин башчысы. Учурда бир кыргызстандык студентте коронавирус аныкталып, дагы 11и коронавируска шек менен катуу карантинге алынганын айтты. Өзү да карантинде отурган Элдияр “Намыс” жаштар уюмунун өкүлдөрү аларга жардам берип жатканын кошумчалады:

- Эл достугу университетинде жалпы 250дөй кыргызстандык студент окуйт. Жердештердин жана жаштардын коомунда активдүү 150 мүчөбүз бар. Марттын аягында 90дой студент Кыргызстанга учуп кетишкен. Бул кезде 34 студент университеттин жатаканаларында, калганы Москвада ата-энеси менен бирге турушат же туугандарыныкына кетишкен.

Азыр университеттин беш жатаканасында коронавирус чыгып, алар толук карантинге жабык. Ошол 34 студенттин ичинен 12 мекендешибиз сыркта чыга албай, дүкөнгө да бара албай, толук обочолонууда жатышат. Алардын бирөөндө коронавирус аныкталган. Биз университеттин администрациясы менен байланыштабыз. Алар ооруган студенттерди үч маал тамак, ал эми карантиндегилерди бир маал тамак менен камсыздап жатышат. Онлайн байланышып, абалын карап турган дарыгерлер бар.

Жаштар менен жердештердин уюмдарындагы ыктыярчылар ошол карантиндегилерге жардам көрсөтүп жатабыз. Бири-бирибизге дары-дармек алып келип беребиз. Элчилик менен да байланыштабыз.

"Азык-түлүктөн жардам керек"

Каныкей Назарова

“Жаш толкун” жаштар уюмунун төрайымы, Жогорку экономика мектебинин магистранты Каныкей Назарова карантинге алынган жатаканалардагы студенттер биринчи кезекте азык-түлүккө муктаж болуп жатканын белгиледи:

- Москвадагы ар кандай окуу жайлардан 300дөй студент Кыргызстанга кете албай, азыр жатаканаларда экен. Студенттердин кээ бири 16-мартта университет жетекчилиги жатакананы бошотууну талап кылып, кете албай калган студенттердин баарын бир жерге камап коюшканын айтып жатышат. Кээ бирлерин көчөгө эле чыгарып салып, алар тааныштарыныкында баш калкалап жатышыптыр.

Студенттер көбүнчө азык-түлүктөн жардам сурап жатышат. Жатаканаларда катуу көзөмөл болгондуктан, кээ бири карантин маалында дүкөнгө да чыга албай жатышыптыр. Кээ бир жатаканаларда тамак-аш же азык-түлүктү онлайн сатып алгандарга курьерлерди да киргизбей коюшат экен.

Мен Жогорку экономика мектебинде Укук факультетинде магистратурада окуйм. Университеттин жатаканасында турам. Биз да азыр карантиндебиз. Эшикке чыга албаганыбыз эле болбосо, калганы мурункудай эле. Окуу уланып жатат. Сессияга, дипломдук ишке даярданып жатабыз. Пандемияга байланыштуу кандайдыр бир жеңилдиктер жок. Жатакана акысын жашабаган студенттерден да талап кылышат. Тилекке жараша, бизде ооруган студенттер болгон жок...

Орусияда коронавируска чалдыккан кыргызстандыктар тууралуу расмий кабаралана элек. Апрелдин башында Самарада мамлекеттик университетте окуган студенттер социалдык тармактар аркылуу жатаканаларда камалып калышканын айтып, азык-түлүктөн жардам сурап чыгышкан. Анда элчилик университеттин жетекчилиги менен байланышып, студенттерге жардамга каражат бөлүнгөнүн кабарлаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​