Бишкек мэри: Жаңы конуштарда коронавирус боюнча абал кооптуу

Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде. Архивдик сүрөт.

Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштарда коронавирус боюнча абал кооптуу. Бул тууралуу 30-апрелде баш калаанын мэри Азиз Суракматов билдирди:

«Конуштарда абал бүгүнкү күндө кооптуу. 30-апрелге карата коронавирус жуккан 183 адамдын 43ү жаңы конуштарда. 47 жаңы конуштун 14үндө оору катталган».

Шаар башчысынын айтымында, эң көбү Арча-Бешикте – 16 адам.

Мындан тышкары Көлмөдө жети, Ак-Босогодо алты, Ак-Өргөдө үч адам катталды.

Ал эми Керамическая конушунда экөө, Ак-Ордо, Ынтымак, Кара-Жыгач, Алтын-Ордо, Көк-Жар, Касым, Мурас-Ордо, Тынчтык жана Учкун конуштарында бирден адам катталган.

Кыргызстанда коронавирус бүгүнкү күнгө карата 746 адамга жукту, алардын сегизи кайтыш болду, 462 бейтап айыгып кетти. (RK)