«Азаттык» 30-апрелде саат 16:00дө Зайырбек Ажыматовду эскерет (видео)

«Дордой» конушу. Зайырбек Ажыматов менен коштошууга келгендер. 30-апрель, 2020-жыл.

«Азаттык» радиосу белгилүү акын, дүйнөдөн мезгилсиз өткөн кабарчысы Зайырбек Ажыматовду онлайн эскерүү иш-чарасын 30-апрелде саат 16:00дө уюштурат.

Маркумдун сөөгү 1-майда Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилет. Коштошуу зыйнаты ушул күнү «Дордой» конушунда жайгашкан үйүндө саат 09:30да башталат.

Бир нече китептин автору, көп жылдан бери медиа тармагында эмгектенип келген журналист 29-апрелде 44 жашында дүйнөдөн кайтты.

Ажыматов журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштап, «Кыргыз Туусу», «Бишкек таймс» гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында иштеген. «Азаттык» радиосунда 2014-жылдан бери эмгектенип жаткан.

2019-жылы «Жүрөктөгү бороон» жаңы ырлар жыйнагын чыгарган. Ушул эле жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери наамына ээ болгон.

(Зайырбек Ажыматовду онлайн эскерүү кечесин бул видеодон көрө аласыздар)