«Зайырбек Элмирбек досунун артынан кетти»

Зайырбек Ажыматов.

Белгилүү акын, «Азаттык» радиосунун кабарчысы Зайырбек Ажыматов 44 жашында дүйнөдөн кайтты.

Бир нече китептин автору, көп жылдан бери медиа тармагында эмгектенип келген журналист 29-апрелде үзүлүп кетти. Ажыматов соңку мезгилдери жаңы чыгармалардын үстүнөн иштеп, маданий темаларды чагылдырып келген.

«Кыйбас досун ээрчип кетти окшойт»...

Төкмө акын Элмирбек Иманалиевди жоготуп, он күнчө убакыттан бери аза күтүп жаткан Кыргызстан эли анын досу, жумурай журтка таанылган акын Зайырбек Ажыматовду жоктоп отуруп калды. Маданият дүйнөсүн, коомчулукту кайрадан кайгы басып, социалдык тармактар эскерүүгө толду.

Кыргыз Эл акыны, «Азаттыктын» журналисти Шайлообек Дүйшеев залкарлардын ээрчишип кеткенин, ичи сыздап белгиледи.

Шайлообек Дүйшеев, Бекташ Шамшиев, Зайырбек Ажыматов.

«Эми, карабайсыңбы, биринин артынан бири кеткенин. Элмирбек жерге берилгендин эртеси эле Зайырбекке чалып, «кайрат кыл, өзүңдү кара, ажал деген ушундай экен» дедим эле. «Зайырбек, ажал деген улук, өзүңдү сактай көр» дегем. Эмне үчүн ошентип айтканымды билбейм, туюмда бир нерсени сезген окшойм. Акын деген опуртал болчу эле, өзүн аябай, күйүп кетчү эле деп ойлоп жаткам. Анын үстүнө мындай кезинде элине өтө алынып кеткен Элмирбектей улуу кишилер кеткенде, жакын, кыйбас кишисин ала кетчү эле деп, ичимден толгонуп, сыртымдан билгизген эмес элем. Карабайсыңбы эми, канча күн өтүп Зайырбек Элмирбекти ээрчип кетип жатканын… Кара жердин астында досу коркуп калбасын деп артынан кетип калгансыйт»,-деди Дүйшеев каңырыгы түтөп…

Кыргыз-казакка таанымал төкмө акын, комузчу, обончу, манасчы, Кыргызстандын Эл артисти Элмирбек Иманалиев 20-апрелде кечинде 42 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Бул окуядан кийин Зайырбек Ажыматов катуу кайгыга түшүп, өзүн коёрго жер таппай жүргөн. Анан эле кан басымы капыстан түшүп кетип, 29-апрелде каза болуп калды. Мурда-кийин оор дарты жок акынга балким ушул санаа таасир эттиби дегенибиз да ошондон.

Зайырбек Ажыматов Элмирбек Иманалиев менен сахнада.

Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

«Жалгыздык» (1996-жыл), «Мелмил» (2005-жыл), «Нөлү көп жылдар» (2011-жыл) жана «Жүрөктөгү бороон» (2019-жыл) аттуу ыр жыйнактарынын автору. Жаңы чыгармалардын үстүнөн иштеп жаткан калемгер жакын арада дагы китептерди чыгарууну максат кылып жүргөн.

Акындын ырларына музыка чыгарган обончу Түмөнбай Колдошов маркумду мындайча эскерди.

Түмөнбай Колдошов.

«Зайырбек Ажыматов адам катары аябай чынчыл, өзүнүн принциби, өзүнүн дүйнөсү менен жашап өттү. Мен ал киши менен чыгармачылыкта да, ага-ини катары да байланышыбыз жакшы болчу. Аны менен күнү кечээ эле телефондон сүйлөшкөн элем. Адамдын өмүрү, ичер суусу качан түгөнөөрүн билбейт экенсиң. Зайырбек аке кыргыз поэзиясындагы өз үнү, өз стили бар, лирика менен жарандык поэзияны катырып жазган талант эле. Бу кишинин ошол эле кезде жөнөкөй, ошол эле кезде татаал текстин тандоого көп обончу батынган жок окшойт. Мен ал кишинин «Жарты кайык», «Кош дебечи» сыяктуу жалпы төрт-беш ырына обон жаздым. Дагы бир ырына обон салалы деп турганбыз. Зайырбек Ажыматов ичи сыртында болгон, эч кимге жамандык санабаган, адамгерчиликти аябай бийик туткан адам эле. Капыстан кете бергенин мен дагы достуктун күйүтү окшойт деп ойлоп калдым. Ал «Элмирбек Иманалиевди өзүмдөн да жакшы көрөм» деп бир нече жолу айтканын уктум эле»,-деди Колдошов.

Мыкты акын, мыкты журналист, мыкты ата…

Ажыматов журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштап, «Кыргыз Туусу», «Бишкек таймс» гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында иштеген. «Азаттык» радиосунда 2014-жылдан бери иштеп келаткан.

Негизинен билим берүү, социалдык жана маданий темаларды чагылдырууга адистешкен эле. Анын ичинде өзгөчө адабияттагы кара сөз, поэзия, же тарых, тил, театр, кино, китеп, эстрада, ырчы-обончулук, цирк дүйнөсү, сүрөтчүлүк, айкелчилик, музей, деги койчу, бул тармакта жазбаган темасы калган эмес.

Ажыматов менен көп жыл иштешкен журналист Аскер Сакыбаева да ушул ойлорду бекемдеди.

Аскер Сакыбаева.

«Зайыр баралына келип, толуп-ташып, элине берчүсүн бере турган куракта эле. Акылы да, турмуштук тажрыйбасы, талантынын ачылышы да элине дагы мыкты чыгармаларды тартуулатмак. Чыгармачыл адам катары, журналист катары эмгек жолунун башатында биз чогуу болуп калдык. 1998-жылдан бери «Асаба» гезитинде чогуу иштештик. Ошол убакта университетти жаңыдан бүткөн топ журналисттер Зайырбек Ажыматов, Шайырбек Эркин уулу, Замира Кожобоева, Алмаз Ташиев, Абдувахаб Мониев жаңы муун катары гезитке келишкен. Кийин мыкты журналисттер болуп чыгышты ушулардын бардыгы. Алардын ичинде Зайыр өзгөчө болуп турчу. Ошол замандагы жашоонун өйдө-ылдыйына карабай, адамды адам карабай калган кезде, көңүл калууларга, ар кандай нерселерге туруштук берип, мекен үчүн күйүп жанганын көрсөтө алды. Мыкты акын, мыкты журналист, мыкты публицист катары таанытты»,-деди журналист.

Ооба, Зайырбек Ажыматовдун журналистикадагы стили бир эле кезде публицистикага жакын болсо, ошол эле кезде көркөмдүккө бай болчу. Коомдогу терс көрүнүштөргө катуу күйгөнү макалаларынан да сезилчү. Эл көйгөйүн ал биринчи кезекте журналист катары эмес, адам катары кабылдачу.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өлбөйм эми, өтөт жаным силерге...


Ажыматовдун социалдык тармактарда өзүнүн балдары тууралуу жазган пикирлери кызуу окулчу. Кенже кызы Карлыгач экөөнүн баарлашуусу, мамилеси да окурмандардын бүйүрүн кызытчу. Ал акындыктан, журналисттиктен мурда сүйүктүү жар, күйүмдүү ата эле. Муну жакшы билген Карлыгач барган мектеп жетекчилиги да Ажыматовго «Мыкты ата» деген символикалык наам ыйгарган экен.

Жыл башында 5-каналдын таңкы берүүсүндөгү маектешүүдө Зайырбек Ажыматов бул ал үчүн эң бийик сыйлык болгонун айтып жарылган болчу.

«Башталгыч классты нөлүнчү класс деп атап коюшат эмеспи, Карлыгач кызым азыр ошого барат. Мектепте ар бир мугалимдин тарбиясы ар башка болот да, бирок көбү ата-энесин сыйлаганга, атасын сыйлаганга үйрөткөнү баага татырлык. Ошого мага мектептен «Эң мыкты» ата деп белек кылып жатышат. Бул мен үчүн аябай жагымдуу болду. Мугалимдер Ата Журт деген эмне, ата-эне, ата деген эмне дегенди балдарга үйрөтүп, жакшы таасир бериптир. Ушундай маселелерди мектептен, бала бакчадан баштап балдарга сиңире баштаса алардын жүрөгүндө башкача сезимдер ойгоно баштайт окшойт деп калдым. Бул жалпы мектептер практика кыла турган, пайдалана турган көрүнүш экен»,-деген ал.

Зайырбек Ажыматов кызы Карлыгач менен.

Поэзиядагы жана журналистикадагы эмгектери үчүн 2019-жылдын 30-декабрында президенттин жарлыгы менен Зайырбек Ажыматовго Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер деген ардактуу наам ыйгарылган.

Зайырбек Ажыматовдун сөөгү 1-майда Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилет. Коштошуу зыйнаты ушул күнү саат 09:30да башталат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​