Ооганстанда жыл башынан бери 500дөн ашык адам курман болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) 27-апрелде Ооганстандагы кырдаал боюнча баяндама жарыялады. Анда ушул жылдын алгачкы үч айында ар кандай куралдуу кагылыштарда 500 адам мерт болгону, 760тай киши жарадар болгону айтылат. Алардын үчтөн бир бөлүгү балдар.

Документте ооган согушун токтотуу аракеттерине карабай өткөн айда адам курмандыктары көп болгону белгилеген.

БУУнун баяндамасында өкмөткө каршы күчтөр, анын ичинде талибдер, «Ислам мамлекети» террорчул уюму жана башка куралдуу топтор курмандыктардын теңинен көбү үчүн, 55% жооптуу деп көрсөтүлгөн. Бирок өкмөттүк күчтөр менен эл аралык аскерлер балдар өлүмү менен аяктаган учурларга көбүрөк себепкер болгону жазылган. «Адам өмүрүн сактап, элге келечеги тууралуу үмүт бериш үчүн зордук-зомбулук токтотулуп, тынчтык сүйлөшүүлөрү башталышы керек», - деди БУУнун Ооганстанга көмөк көрсөтүү миссиясынын башчысы Дебора Лайонс.

Мунун алдында АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад «Твиттердеги» баракчасына «коронавирус каатчылыгы аяктагыча «Талибан» кыймылы ок атышууну токтотушу керек» деп жазган. «Талибан» ооган өкмөтүнүн Рамазан айында атышпай туруу жөнүндө сунушун четке каккан.

Ушул жылдын февраль айынын соңунда АКШ менен «Талибан» бир канча жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимине кол койгон. Андагы шарттардын бирине ылайык, Кабул камактагы 5 миң талибди коё бериши керек эле. «Талибан» да туткундагы миң кишини эркиндикке чыгарууга тийиш болчу. Ошондо гана оогандардын өз ара ички диалогу башталмак.

Бүгүнкү күнгө карата ооган өкмөтү 500 талиб жоочусун, ал эми «Талибан» өздөрү кармап турган 60 адамды туткундан бошотту.

Соңку маалымат боюнча, Ооганстанда коронавирус 1,5 миңден ашык адамдан табылды, оорудан 50дөй киши көз жумду.