Сауд Арабиясы жашы жете элек балдарды дарга асууну токтоткону жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу мамлекеттин колдоосуна ээ болгон Адам укуктары боюнча комиссия падыша Салман Ибн Абдул-Азиздин буйругуна таянып 26-апрелде билдирди. Эки күн мурда Саудиянын Жогорку соту балак уруу жазасын жойгону маалым болгон. Эми ал жаза камакка же айыппулга алмаштырылары кабарланган.

Сауд Арабиясы адамдарды өлүм жазасына эң көп тарткан мамлекеттердин катарына кирет. Ал жакта 18ге чыга электерди да дарга аскан учурлар көп кездешчү. Буйрук качан ишке ашырыла баштай тургандыгы белгисиз.

Сауд Арабиясындагы өзгөрүүлөр 2017-жылы Мухаммед бин Салман тактыга мураскер канзаада деп жарыяланып, анын бийлиги күчөгөндөн кийин башталды. Ошол эле учурда эл аралык укук коргоочулар бийликке каяша айткандарды аёосуз жазалоо тыйылбаганын белгилешет. 2018-жылдын октябрында Сауд Арабиясынын Стамбулдагы элчилигинде журналист Жамал Хашогжи өлтүрүлгөн.