Британ премьер-министри Борис Жонсон жумушка чыкты

Борис Жонсон.

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон коронавирус менен катуу ооруп айыккандан кийин 27-апрелде жумушка чыкты. Ал дүйшөмбүдө эртең менен билдирүү таратып, өлкө оору кеңири жайылган учурду баштан кечиргенин, илдетке кабылгандар азая баштаганын белгиледи. Ошол эле учурда карантинди алууга эрте экенин айтты.

Борис Жонсон коронавируска байланыштуу жагдайды өлкө үчүн Экинчи дүйнөлүк согуштан берки «эң опурталдуу чакырык» деп баалады.

Британ премьер-министри коронавирусту бир айдай мурун жугузуп алган. Оорусу күчөп кетип ушул айдын башында госпиталга жаткан жана үч күн реанимация бөлүмүндө болгон.

Соңку маалымат боюнча, Британияда коронавирус жугузуп алгандардын саны 154 миң адамдан ашты жана оору 20 миңден көп кишинин өмүрүн кыйды.