Президент судьяларды дайындады

Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков 25-апрелдеги жарлыгы менен жергиликтүү жана район аралык соттордун судьяларын дайындады.

Президенттик аппараттын маалымат бөлүмү кабарлагандай, Сот тандоо кеңеши мамлекет башчыга Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен, Талас, Нарын облустарынын жана Бишкек шаарынын район аралык сотторуна 19 талапкерди сунуш кылган.

17-апрелде президент айрым талапкерлер менен маектешкен. Натыйжада мамлекет башчы 16 талапкерди судьялык кызматка дайындоого макулдук берди. Ал эми калган үч талапкердин материалдарын артка кайтарган.

Мамлекет башчынын жарлыгы менен 16 талапкер Конституцияда белгиленген мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьялык кызматына дайындалды. (ZKo)