Орусияда акыркы суткада коронавирус жуктургандар көбөйдү

Жумушка даярданып жаткан орус медиктери. 22-апрель, 2020-жыл.

26-апрелдеги маалыматка караганда Орусияда акыркы 24 саатта коронавирусту 6360 адам жуктурду. Бул - суткалык эң жогорку көрсөткүч. Жалпы COVID-19 илдетине чалдыккандар 81 миңге жакындады. Алардын 681и көз жумса, айыгып чыккандар 6 миңден ашты.

Жаңы вирусту жуктургандардын арасында өлкө парламенти – Мамлекеттик Думанын эки депутаты Дмитрий Новиков менен Леонид Калашников бар.

Бир нече кыргызстандык мигрант да “Азаттыктын” кабарчылары менен байланышып, COVID-19 илдетинен жабыркап жатканын айтышты. Аты-жөнүн атабоону өтүнгөн ал жарандардын айтканын башка булактардан текшерүүгө мүмкүн боло элек. Кыргызстандын Москвадагы элчилиги Орусиядагы мигранттар арасында коронавируска чалдыккандар тууралуу расмий маалымат жок экенин билдирип келет.