Өзбекстанда бир катар ишканаларга иштөөгө уруксат берилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын антикризистик комиссиясы президент Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен 25-апрелден тартып ишкердиктин айрым түрлөрүнө ишин жандандырууга уруксат берди.

Алардын ичинде курулуш материалдарын, автоунаа тетиктерин саткан жайлар, соода түйүндөрү, коммерциялык банктар, нотариус жана камсыздандыруу компаниялары бар. Андан тышкары коронавируска байланыштуу токтотулган инвестициялык долбоорлор менен социалдык объектилерди курулуш иши да жандандырылат.

Адамдар санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, социалдык аралыкты так сакташы керек.

25-апрелдеги маалымат боюнча, Өзбекстанда COVID-19 вирусу 1862 кишиден табылды. Бул оорудан сегиз адам каза болду.