27-апрелде жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32;
Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10 градус болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 12…14°, күндүзгү жогорку температурасы 30…32° болот.