Коронавирус жуккандарды аныкташ үчүн үймө-үй кыдыруу башталат

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирус жуккандарды аныкташ үчүн үймө-үй кыдыруу башталат. Бул тууралуу 24-апрелде вице-премьер-министр, Коронавируска каршы республикалык штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов билдирди.

Боронов президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда болуп, коронавирус боюнча абал тууралуу маалымат берди.

Ал оорунун жайылышынын алдын алуу иштеринин кийинки этабында илдет жуккандар менен билбей байланышта болгондорду же алар менен байланышта болгонун билип туруп жашыргандарды аныктоо жүрөрүн айтты.

Боронов бул үчүн бир апта бою эпидемиологиялык иликтөөлөр жүрүп, үймө-үй кыдыруу болорун билдирди. Ал жаңы конуштарга жана эл жыш отурукташкан аймактарга өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.

Жолугушууда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн бардык аймактарында санитардык-эпидемиологиялык иштерди күчөтүлгөн тартипте улантуу зарыл деп эсептей турганын айтты.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен байланышта болгондуктан дарыгерлердин көзөмөлүндө тургандардын саны 2,5 миңге жакын адам. Обсервацияда 914 адам жатат.

18-марттан 24-апрелге чейин Кыргызстанда коронавирус 656 адамдан табылды, алардын сегизи каза тапты, 322 бейтап айыгып кетти.

30-апрелге чейин Бишкек, Нарын, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун, Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Мекеме-ишканалар убактылуу жабылган.

Карантин мөөнөтү андан ары узартылабы же жокпу, азырынча белгисиз. (RK)