АКШ карантинден жабыркагандарга 484 млрд. доллар бөлөт

АКШнын Өкүлдөр Палатасы. 23-апрель, 2020-жыл.

АКШнын Өкүлдөр Палатасы карантинден жабыркагандарга 484 миллиард доллардык жардам көрсөтүүнү максат кылган мыйзам долбоорун жактырды. 23-апрелде демократтар көпчүлүктү түзгөн палатада бул документти 388 эл өкүлү колдоп, бешөө гана каршы болду.

Планга ылайык, каражаттын бир бөлүгү жумушчулардын айлыгын жана ижара акысын төлөө сыяктуу чакан ишкерликтин чыгымдарын жабууга жумшалат. Мындан тышкары ооруканаларга 75 миллиард доллар, вируска каршы тесттерге 25 миллиард доллар сарпталат. Президент Дональд Трамп Сенат эбак эле макулдугун берген бул документке кол коюуга убада берген.

Ушуну менен Кошмо Штаттарда коронавирус пандемиясынын экономикага таасирин басаңдатыш үчүн төртүнчү жолу ири суммадагы каражат бөлүнгөнү жатат. Акыркы жолу март айынын соңунда карантинден жабыркагандар үчүн 2 триллион доллар бөлүүнү караган документ жактырылган.

Жон Хопкинс университетинин маалымат базасына ылайык, АКШда COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны 870 миң кишиге жетти. 50 миңдей адам каза болуп, 80 миңден ашууну айыгып чыкты. Вируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам Кошмо Штаттарда 25 миллиондон ашуун адам ишсиз калды.