Карантин токтосо биринчи кезекте кимге жумушка чыгууга уруксат берилери айтылды (видео)

Алмазбек Орозалиев.

Эгер карантин токтосо биринчи кезекте күнүмдүк маянага иштегендерге жумушка чыгууга уруксат берилет. Бул тууралуу 24-апрелде ички иштер министринин орун басары, Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

«Эгер 30-апрелден кийин карантин мөөнөтү узартылбаса эң оболу кайсы тармактарга уруксат берилет?» деген суроого жооп берип жатып ал комендатура талдоо жүргүзүп, ушундай бүтүмгө келгенин айтты:

«Курулушта иштегендер, техникалык тейлөө жана желимдөө станциялары, такси айдагандар. Бирок санитардык-эпидемиологиялык эрежелер так сакталышы зарыл. Таксиде жүргүнчүнүн саны экиден көп болбошу керек».

Орозалиев санитардык тазалоо жүргүзүлүп, адамдар беткап тагынып, ортодогу аралыкты так сакташы зарыл экенин белгиледи.

18-марттан 24-апрелге чейин Кыргызстанда коронавирус 656 адамдан табылды, алардын сегизи каза тапты, 322 бейтап сакайып кетти.

30-апрелге чейин Бишкек, Нарын, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун, Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Мекеме-ишканалар убактылуу жабылган.

Карантин мөөнөтү андан ары узартылабы же жокпу, азырынча белгисиз. (RK)