Бир күндө коронавирус 10 медицина кызматкеринен табылды, көбү Нарында

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы 10 медицина кызматкеринен табылды. Бул тууралуу 24-апрелде Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, алардын алтоо Нарын облусунда, экөө Ош облусунда жана Ош, Бишкек шаарларында бирден кызматкер.

Жалпысынан бүгүнкү күнгө карата республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 172 медицина кызматкери катталды. Алардын 53ү (18и дарыгер, 24ү орто медперсонал, сегизи кенже медперсонал жана үчөө башка адис) айыгып, ооруканадан чыгарылды.

24-апрелге карата COVID-19 жуккандардын жалпы саны Кыргызстанда 656 болду, алардын сегизи каза болду, 322 бейтап айыгып кетти.

656 адамдын 157си Ош облусунда, 147си Бишкекте, 109у Жалал-Абад облусунда, 104ү Ош шаарында, 83ү Нарын облусунда, 42 адам Чүй облусунда, сегизи Ысык-Көл облусунда жана Баткен облусунда алты адам.

Оору жуккан кээ бир дарыгерлер коргонуу чаралары камсыз болбогонун, ал эми өкмөт тийиштүү бардык чаралар көрүлгөнүн билдирип жатышат. (RK)