Пакистандык дарыгерлер өкмөттү динчилдерге мечиттерде намаз окууга уруксат берген чечимин жокко чыгарууга үндөштү. Пакистандык дарыгерлердин биримдиги 22-апрелде премьер-министр Имран Хан менен таасирдүү динаятчыларга кат жазып, элдин мечиттерде топтолушу коронавирустун жайылышына өбөлгө түзөрүн, ансыз да ооруканалар бейтаптарга шыкалып калганын эскертишти.
«COVID-19 илдетин ооздукташ үчүн катуу карантин чаралары зарыл. Бирок биздин жетекчилер туура эмес чечим кабыл алышты. Диний аалымдар да олуттуу мамиле кылышкан жок», - деп билдирди Пакистандык дарыгерлер биримдигинин башчысы Кайсер Сажжад.
Пакистанда динчил топтордун басымынан улам өкмөт өткөн аптанын соңунда мечиттерде жамаат менен намаз окууга тыюу салган чечимин жумшарткан. Мындай чечим 24-апрелде баштала турган Орозо айынын алдында кабыл алынганы кабарланган.
220 миллиондой калкы бар Пакистанда COVID-19 илдетин жугузуп алгандардын саны 10 миңден ашты. Алардын 200дөн ашууну көз жумду.