Акыркы суткада өлкө аймагында дагы 19 адамга коронавирус жукканы аныкталды.
Бир адам каза болду. Ал Чүй облусунан 56 жаштагы аял киши болгон.
Илдет жаңы жуккан 19 кишинин ичинен Бишкек шаарында – 8, Чүй облусу – 4, Ош шаарында – 4, Ош облусунда 3 киши катталды. 19 адамдын бешөө - медициналык кызматкери, үчөө – дарыгер.
Акыркы суткада 48 бейтап айыгып чыкты.
Ушуну менен өлкөдө СOVID-19 илдетине 631 адам чалдыкты.
Жалал-Абад облусунда – 109, Ош облусунда – 154, Ош шаарында - 101, Чүй облусунда – 38, Бишкек шаарында – 141, Баткен облусунда – 6, Нарын облусунда – 74, Ысык-Көл облусунда – 8 киши. Алардын 162си медкызматкерлер.
Обсервацияда жаткандардын саны миңден ашты. 302 адам оорудан айыкты. Беш адамдын абалы оор. Сегиз адам каза болду.
COVID-19 вирусун жугузган алгачкы үч киши Кыргызстанда 18-мартта катталган. (ZKo)