Ооган өкмөтү чабуулдарга карабай талибдерди бошотууда

8-апрелде түрмөдөн бошотулган талибдердин бири.

Ооганстандын өкмөтү шаршембиде дагы 71 талибди түрмөдөн бошотту. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү Жавед Фейсал «Твиттерге» жазды.

Ошондо 8-апрелден бери Кабулдагы өкмөт жалпысынан 432 талибди эркиндикке чыгарды. Ал эми 12-апрелден тартып ооган коопсуздук күчтөрүнүн туткундагы 60 кызматкери бошотулган.

Бул оогандардын 19 жылдан берки жарандык согушун токтотуу максатында өз ара сүйлөшүүсүн баштоого карай кадамдар. Февраль айында АКШ бийлиги менен «Талибан» кыймылы макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, ооган өкмөтү камактагы кыймылдын 5 миң мүчөсүн, талибдер миң туткунду бошотмой болгон.

Ага карабастан ортодо кандуу кол салуу уланууда. 21-апрелдин кечинде талибдердин кол салуусунан ооган коопсуздук күчтөрүнүн түндүктөгү Сари-Пул провинциясында 11, чыгыштагы Логар провинциясындагы сегиз кызматкери курман болушту. Ондогон адам жаракат алды.