Евробиримдик он өлкөгө 3 млрд. евро бөлөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Евробиримдик Чыгыш Европа өлкөлөрүнө, Туниске жана Иорданияга бир жыл ичинде 3 млрд. евро жардам берет. Европарламент менен биримдикке кирген өлкөлөр планды жакынкы апталарда бекиткени турушат.

Еврокомиссия каражат коронавирустун экономикалык кесепеттерин жумшартыш үчүн «абдан пайдалуу шарттар менен» сунушталганын билдирди.

Эң чоң бөлүгү – 1,2 млрд. евро - Украинага тиет. Постсоветтик дагы эки өлкө - Грузия 150 млн. евро, Молдова 100 млн. евро алышат.

Андан тышкары Босния, Албания, Косово, Түндүк Македония жана Черногория жардам алышат.

Ал эми Тунис 600 млн. евро, Иордания 200 млн. евро алганы турушат.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу экономика токтогонуна байланыштуу дүйнөнүн өнүгүп келаткан өлкөлөрү катаал кризиске кабылып, бюджеттик таңкыстык көбөйүүдө.