Элмирбек залкардын экинчи доору башталды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз Эл артисти, азыркы замандын залкар төкмө акыны, маркум Элмирбек Иманалиевдин сөөгү 22-апрелде “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду. 42 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан көп кырдуу таланттын көрөңгөсү, чыгармаларынын экинчи өмүрү тууралуу “Азаттыктын” журналисттери, эл акыны Шайлообек Дүйшеев менен маданиятка эмгек сиңирген ишмер Бурулкан Сарыгулова маектешти.