Жээнбеков: Көрүлгөн чаралар вирустун кеңири жайылышын токтотту

Жолугушуудан тартылган сүрөт. 22-апрель, 2020-жыл.

Кыргызстанда көрүлгөн чаралар коронавирустун өлкөнүн бардык аймагына кеңири жайылып кетишине жол берген жок. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 22-апрелде Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиевди кабыл алганда айтты.

Мамлекет башчы белгилегендей, бул чаралар оорунун очокторун жоюуга мүмкүнчүлүк берди.

Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, Жээнбеков чектөөлөр алына баштаса да көзөмөлдү жоготпоо зарыл экенин айтты:

«Эпидемиологиялык кырдаалга жараша коюлуп жаткан талаптар жумшарса, өлкөнүн чек ара аймактарына көзөмөлдү жана өлкөгө кирген кыргыз жарандарын талаптагыдай текшерүүнү күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулушу керек».

22-апрелге карата илдет жуккандардын жалпы саны Кыргызстанда 612 кишиге жетти. Алардын жетөө каза тапты, 254 бейтап айыгып чыкты.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулган.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда илдеттин жайылышынын туу чокусуна жете турган мөөнөт 20-24-апрель болот деп божомолдоп жатат. (RK)