Кадыров баштаган чеченстандыктар чач кырдырууга киришти

Рамзан Кадыровдун "Инстаграм" баракчасындагы сүрөт.

Чеченстанда башчысы Рамзан Кадыров баштаган мамлекеттик кызматкерлер жапырт чачын кырдырууга киришти. Бул тууралуу «Кавказ-Реалии» сайты жазды.

Дүйшөмбүдө коронавируска каршы күрөш боюнча ыкчам штабдын жыйынында жергиликтүү жашоочу чач тарачтарды ачууга болор-болбосун сураган. Анда Кадыров «баарыбыз чачыбызды кырдырып салсак жаман болбойт» деп жооп берген эле.

Эртеси 21-апрелде Кадыров «Инстаграмдагы» баракчасына чачы кырылган сүрөтүн жарыялаган. «Сулуулук салондору жабык, үйдө да чач тарач жок. Биздин бабаларыбыз ушундай кылышкан» деп, башкаларды да чач алдырууга чакырган.