Элмирбек Иманалиевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду (видео)

Элмирбек Иманалиевдин табытын көтөрүп бараткан замандаштары.

Төкмө акын, комузчу, обончу, манасчы, Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин сөөгү бүгүн, 22-апрелде Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду. Маркумду жерге берүү зыйнатына өзгөчө абалга карабай көп киши келди. Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, акындын үзөңгүлөш өнөрпоз достору, жакындары, шакирттери топурак салышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев «Азаттыктагы» маегинде топурак салууга Элмирбектин ырын угуп, сөзүн уккан, бирок өзүн жакындан тааныбаган адамдар келишкенин айтты:

«Анткени Элмирбек элдин уулу болчу. Бүгүн эл уулун жоктоп турат. Өзгөчө абалга карабай, ушунча эл чогулду. Азыркы кырдаал болбосо бул жерде кыргыз-казак батпай, кылкылдап турмак».

Кыргыз-казакка таанымал төкмө акын, комузчу, обончу, манасчы, Кыргызстандын Эл артисти Элмирбек Иманалиев 20-апрелде кечинде 42 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. (BTo/ZKo)