Кытай дарыгерлери кыргыз медиктерин окутууну пландап жатат

20-апрелде Кытайдан медициналык кызматкерлердин тобу келди. Кытай медиктери кыргыз дарыгерлерине коронавирус илдетинин жайылышы менен күрөшүүгө жардам беришет. Тажрыйба алмашып, чет өлкөлүк медицина адистери оорулууларды дарылоонун ыкмаларын үйрөтүшөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымды.

Медициналык эксперттик топ менен вице-премьер-министр Аида Исмаилова жолугушту. Исмаилова Кытайдан келген дарыгерлер тобу Кыргызстандын саламаттык сактоо систамасында иштеген кызматкерлерин аралыктан окутууну пландаштырып жатканын айтты. Эксперттик топ өлкөгө 10 миң № 95 респиратор, 2 миң коргоо кийимдери, эки жасалма дем алдыруучу жабдуу, дары-дармектерден турган гуманитардык жардам ала келген.

Буга чейин Кыргызстанга 19-апрелде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун линиясы менен Польшадан сегиз медициналык кызматкерден турган топ келген. Маалыматка ылайык, алар Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө жергиликтүү дарыгерлерге көмөк көрсөтүшөт. (TSh)