Саламаттык сактоо министрлиги айрым дарыларды сатып алат

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөгө кирбей жаткан айрым дарыларды сатып аларын жарыялады. Бул тууралуу министрликке караштуу Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыз кылуу департаментинин директорунун орун басары Мариям Жанкорозова билдирди. Анын айтымында, чек аралар жабык болгондуктан айрым дарыларды өлкөгө алып келүү мүмкүн болбой жатат. Буга байланыштуу министрлик эл аралык уюмдар бөлгөн каражаттын эсебинен айрым дары-дармектерди салып алууну көздөп жатат.

Коронавирустун улам бир катар өлкөлөр чек араны жаап салгандыктан Кыргызстанда дары-дармек кымбаттаганы байкалууда. Өлкөдөгү Фармацевттер бирикмесинин төрагасы Эрнис Асановдун айтымында, акыркы күндөрү дарылар 15-20% чейин кымбаттады. (BkA)