Ирандын тышкы иштер министри Сирияга барды

Башар Асад менен Мохаммад Жавад Зарифтин мурдагы жолугушуусу. Дамаск, 16-апрель, 2019-жыл.

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф дүйшөмбүдө Дамаскка барып Сирия президенти Башар Асадга жолукту. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик ИРНА агенттиги кабарлап, бирок сүйлөшүүнүн мазмуну тууралуу маалымат берген жок.

Сапардын алдында Ирандын Тышкы иштер министрлиги жолугушууда эки тараптын мамилеси, аймактагы окуялар жана терроризмге каршы күрөш маселелери талкууланышы керек экенин билдирген.

Тегеран - Дамасктагы өкмөттүн жакын өнөктөшү. Ал он жылга аяк баскан жарандык согушта Орусия менен кошо Башар Асадга колдоо көрсөтүп келет. Кийинчерээк террордук уюмдар да аралашып кеткен оппозиция менен бийликтин куралдуу кагылышуусу 400 миңден ашуун адамдын өмүрүн кыйып, миллиондогон адам качкынга айланды.

Жарандык согуш Сириянын саламаттык сактоо системасын талкалагандыктан медицина боюнча эксперттер өлкө коронавируска каршы күрөштө алсыз экенин белгилеп жатышат.

Бир нече аптадан бери өкмөт коркунучтарды четке кагып, Дамасктагы шииттердин сыйынуу жайлары Иран жана Ирак зыяратчылары үчүн ачык турду.

Чектөө марттын башынан башталган. Акыркы маалымат боюнча 39 адам коронавирус жугузуп алганы аныкталып, алардын үчөө көз жумду. Бирок эксперттер вируска чалдыккандар мындан кыйла көп деп эсептешет.