Казакстан коронавирустан улам жөлөкпул алгандарды текшербейт

Жөлөкпул алыш үчүн кезекке тургандар. Кызылордо, 13-апрель, 2020-жыл.

Казакстанда 42 500 теңге социалдык жөлөкпулду алган адамдардын эч бири кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. Бул тууралуу дүйшөмбүдөгү брифинг учурунда Эмгек жана социалдык коргоо министри Биржан Нурымбетов билдирди.

«Калктын басымдуу бөлүгүнүн тапканы аз экени, айлык акы, жөлөкпул көп эмес экени түшүнүктүү. Ошондуктан биз эч кимди текшербейбиз», - деди министр.

Өткөн аптада мамлекеттик маалымат каражаттары Эмгек министрлигине шилтеме берүү менен өзгөчө абал режиминен кийин бардык социалдык төлөм алгандар кошумча текшерилерин маалымдашкан. Министрлик «жаңылыш» төлөм алып калгандарга акчаны кайтарууну сунуш кылып жатканы кабарланган.

Нурымбетовдун маалыматына караганда ушул күнгө чейин 4 миллионго чукул адамга 42,5 миң теңге камдалган. Коронавирус пандемиясынын кесепетинен кирешесинен айрылгандарга көмөк үчүн казак өкмөтү 157 млрд. теңге бөлгөн.