Элчи 211 жаран гана кайтып келүүгө макулдугун берип, калгандары баш тартканын айткан болчу.
Калып кеткен жүргүнчүлөр
Киргизилген чектөөлөргө байланыштуу бир айдан бери мекенине келе албай, Түркияда калган жарандардын арасынан 211 киши 18-апрель күнү таңга маал Бишкекке учуп келип, обсервацияга жаткырылды. Бирок бул чартердик абакаттамды аткарган түркиялык 350 орундуу борт толбой, 149 орун бош учуп келген. Учакта орундар бара экенине карабай, аларга консулдук кабар берген жок деп Стамбулда калган айрым кыргыз жарандары нааразы.
Пандемияга байланыштуу окуусу үзгүлтүккө учураган студент Чолпонай Кабылбек кызы консулдуктагы тизмеге катталса да ага кабар берилбегенине кабатыр:
«Элчи мырзанын «кайсы бир партиянын өкүлдөрү ортого түшүп, тизме түзүп, ошолордун айынан калып калышты» деп айтканы туура эмес. Биз элчинин туура эмес маалымат бергенине абдан нааразы болдук. Башкы консулдуктан эч кандай кабар берилген эмес. Биз Кыргызстанга кетүүнү көздөп жатканыбызды айтып, ага мурда эле кайрылган болчубуз. Бул жактагы көптөгөн студенттер, мигранттар Бишкекке учак уча турганын укпай калдык».
Дагы караңыз Пандемия мигранттарга түйшүк кошту
Ошол эле кезде Түркияда иштеген Венера Шабданалиева Стамбулдагы башкы консулдуктун кызматкерлери аларга орой мамиле кылып, оңдуу жооп бербей келишкенин белгиледи:
«Биз бул шаарда иштеген мигранттар консулдуктун ишине аябай нааразыбыз. Бир айдан ашуун убакыттан бери биз консулдукка «Жакын арада Кыргызстанга учак болобу?» деп кайрылып, бир конкреттүү маалымат же кандайдыр бир жардам ала албайбыз. Биз барганда «Бишкектен эч кандай буйрук жок» деп кутулуп кетишет. Андан башка биздин жарандардын кызыкчылыгын коргойлу, оор абалда калгандарына кол кабыш кылалы деген ойлору да жок. Көптөгөн мигранттар бул жакта да үй-жайсыз, тамак-ашы жок калышты. Биз ушундай оор учурда жакындарыбыздын жанында бололу дегенбиз. Бирок биздин консулдуктун кызматкерлеринин кайдыгерлигинен улам көпчүлүгү уча албай калышты. Стамбулдун аба майданына Бишкекке учуу үчүн башка шаарлардан келген мигранттарды консулдуктун кызматкерлери тосуп алып, документтерине жардам берип, уюштуруп, учуруп жибергенге да келишкен жок. Аба майдандын администрациясы мындай мамилеге аябай таң калды».
Ал эми аталган чартердик рейс менен учуп келген Арстан Токтобеков аттуу жаран элчинин маалымат каражаттарына чыккан маегин окуп, андагы маалыматтарга таң калганын айтты:
«Сайттан жалган маалыматтар тарап жатканын көрүп калдык. Анда негизинен Түркиядагы кыргыз жарандарына элчилик менен консулдук жардам берип жатканы айтылыптыр. Бирок биз бир айга чукул убакытта элчиликтин же консулдуктун оор абалда калган кыргыз жарандарына кандайдыр бир жардам көрсөткөнүн көрө алган жокпуз. Көптөгөн мекендештерибиз батиринен чыгып калып, жатаар жери жок, ачка калып, оор абалда калышты. Элчилик менен консулдук жардам уюштурган учур болгон жок. Мунун бардыгы жалган. Стамбул менен Анкарадагы башында тизмеге кирип, анан кайра Кыргызстанга кайтып келүүдөн баш тартышкан дегени дагы жалган».
«Борт толбой калган»
Түркияда калган кээ бир кыргыз жарандары элчилик учактын сыйымдуулугун эсепке алганда, анда ал борт жүргүнчүлөргө толбой калмак эмес дешет. Бирок буга чейин Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев кээ бир жарандар кайтуудан баш тарткандыктан учак толбой учканын айткан эле:
«"Кабар берилген жок, анан укпай калдык" деген чындыкка коошпойт. 211 адам угуп, учуп кетип, анан кантип калганы укпай калсын? Биздин тизме боюнча Анкара жана Стамбулда учууга камынган 256 адам бар болчу. Мындан улам Түркиядан 300 адам бата турган учак сураганбыз. Учарга жакын калганда 40тай жараныбыз кетпей турганын айтышты. Себеби, бири окуйт экен, кээ бири Кыргызстанга келип 14 күн карантинде жатканга даяр эмес болуп чыкты. Каражаты жок уча албай калгандар да болду. Ушундай мисалдар көп эле».
Элчи Кубанычбек Өмүралиев айрым партиялар жүргүнчүлөрдүн тизмесин түзүүнү саясатташтырып, андан саясий упай топтоо аракети дипломаттардын ишине тоскоолдук кылганын белгилеген:
«Саясатташтырып жиберишкен жагдайды мен ачык эле айтайын. Кечээ учакка жетишпей калгандардын арасында биздеги кайсы бир саясатчыларбы же саясий партияларбы, ортодон киришип, өзүнчө бир саясий упай топтоюн дегенби, иши кылып «өздөрүнчө тизме түздүк» деп, «биз ушуну уюштурдук» дегендей аракеттерин билип, угуп жатсаңар керек. Бул эми алардын абийириндеги нерсе. Бирок алар биздин жарандарды туура эмес жакка түртүп жатышат. Жарандар элчиликке жана башкы консулдукка кайрылууга тийиш. Биз аркылуу тизме түзүлүп, анан уруксат алынат да. Бир партия же саясатчы аны жасай албайт да».
Чет өлкөлөрдөгү мигранттар менен иш алып барган «Замандаш» саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов элчинин айтканын жокко чыгарып, анын дооматын Стамбулдагы башкы консулдук кетирген кемчиликтерин башкаларга оодаруу аракети катары баалады:
«Түркиянын 350 орундуу борту ал жактагы кыйналып жаткан жарандарды алып чыгып кетүүгө чоң мүмкүнчүлүк болду. Бортту толук толтуруп, кыргыз жарандарын алганда, анда бир аз эле адам калмак. Бирок уюштуруучулук иштин начардыгынан колдогу мүмкүнчүлүктү коё бердик. Саясий партия же кайсы бир саясатчы бул ишке кийлигише алмак эмес. Биз кантип кийлигишебиз? Стамбулдун өзүндө жашаган биздин кыргыз жарандары деле бул учак менен келе албай калышты. Анткени алар чалып сураганда биздин дипломаттар «орун жок» деп коюшуптур. Муну менен түздөн-түз элчилик иштейт да. Алардын кетирген кемчилигин башка бирөөлөргө оодара салуу туура эмес болот го. Эгерде алар туура уюштурушса, тизмедегилердин көпчүлүгүн мекенге алып келгенге шарт болот эле».
Жакында Стамбул-Бишкек атайын чартердик абакаттамы аркылуу Түркиянын Стамбул жана Анкара шаарында калган 211 жаран Кыргызстанга учуп келген. Бирок ага чейин мекенге кайтууну көздөгөн 487 киши катталган тизменин ичинен дагы 276 адам калып кеткен. Буга чейин 197 жаран Анталиядан алып келинген.
Элчи Түркияда илдетти жугузуп алгандардын саны өскөн сайын мекенге кайтууну каалаган кыргызстандыктар көбөйүп жатканын билдирген болчу. Калган кыргыз жарандарын алып келүү үчүн дагы качан чартердик абакаттам ачылары азырынча белгисиз.
Парламент 15-апрелде өкмөткө пандемияга байланыштуу чет өлкөлөрдө калып кеткен кыргыз жарандарынын маселесин чечүүгө бир жума убакыт берген.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.