Кыргызстанга Польшадан медицина адистери келди

Польшадан келген адистер.

19-апрелде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун линиясы менен Польшадан сегиз медициналык кызматкерден турган топ келди. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Польшалык дарыгерлер Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө жергиликтүү дарыгерлерге көмөк көрсөтүшөт.

Коронавирус менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга Кытайдан жана Польшадан дарыгерлер келе турганы айтылган. Өкмөт Кытайдан 15 адис келет деп кабарлаган. (TSh)