Израил карантин чараларын жумшартат

Иллюстрациялык сүрөт.

Израилде премьер-министр Биньямин Нетаньяху өлкөсү акырындап карантинден чыга баштарын билдирди. Ага ылайык, ишкана-мекемелерде буга чейин жамааттын 15 пайызы гана жумушка келиши керек болсо, эми 30 пайызга чейин көбөйөт.

Ошондой эле электроника, китеп, кагаз-калем жана чарба буюмдарын саткан дүкөндөр ачылат. Андан сырткары коомдук транспорттор каттай баштайт, көчөлөрдө, коомдук жайларда спорт менен алектенүүгө уруксат берилет.

"Жоопкерчилигин көрсөткөндөрдүн, күн-түн дебей алдыда жүргөн дарыгерлердин жана өз убагында кабыл алган чечимдердин акыбети кайтып, биз миссиябызды ийгиликтүү аткардык. Израил коронавирусту ооздуктап жатат. Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ичинен бизде бул илдеттен каза болгондор аз", деди Нетаньяху.

Израилде COVID-19го 13 миңден ашык киши чалдыкты, илдеттен жалпысынан 134 адам көз жумду.