Орусия балыкчылардын кемесин кармаганы үчүн Норвегияга нааразылык билдирди

Илююстрациялык сүрөт.

Орус балыкчыларынын кемесин Арктикада Норвегиянын коргоо кызматы колго түшүргөнү үчүн Москва Ослого нааразылык билдирди.

Орусиянын "Борей" деген кемеси 2-апрелде Норвегияга таандык Шпицберген архипелагына жакын жерде кармалган.

Кеме Норвегиянын балык уулоого тыюу салынган аймагында колго түшкөнүн Осло расмий кабарлаган. Бирок Орусия муну четке кагып, мыйзамсыз экенин белгилөөдө.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Норвегия балык уулоого тыюу салынган аймактарды бетке кармап, Шпицберген архипелагынын аянтын кеңейтүү максатын көздөп жатканын билдирди.

2003-2011-2016-жылдары да Норвегиянын жээктерди коргоо кызматы Орусиянын кемелерин кармаган болчу.