Жугуштуу илдеттер ооруканасында оор абалда жаткан бейтап аман айыгып чыкты

Коронавирустан айыгып чыккандар үйүнө коё берилди. Бишкек. 17-апрель, 2020-жыл.

Бишкектеги Жугуштуу илдеттер ооруканасына коронавирус жугуп, оор абалга түшкөн бейтап аман айыгып чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, бейтап аял реанимацияга жаткырылып, тийиштүү дарылануудан өттү.

Дарыгерлер коронавирус жуккан адамдарды дарылоо ар биринин абалына жараша ар башкача болорун белигилөөдө. Кимге кандай дары жазып, кантип дарылаш керек экендиги консилиумда чечилет.

Кыргызстанда 18-марттан 17-апрелге чейин коронавирус 489 адамдан табылды, алардын бешөө каза тапты, 114ү айыгып чыкты.

Сакайган 114 бейтаптын 23ү ооруканадан 17-апрелде чыгарылды, арасында алты жаштагы бала бар. Баарынын абалы канааттандырарлык экени айтылды.

Бүгүнкү күндө реанимацияда жаткандардын саны төртөө. (RK)