Ош милициясы дезинфекциялоочу эки тоннелге ээ болду

Ош ШИИБне орнотулган тоннел. Ош шаары. 16-апрель, 2020-жыл.

Аймактык комендатуранын басма сөз кызматкери Замир Сыдыковдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, тоннелдер Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын имаратынын кире беришине орнотулат. Милиция кызматкерлери ишке келгенде залалсыздандыруучу тоннел аркылуу өтүшөт.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевдин айтымында мындай тоннелдерди эми ооруканаларга жана башка адамдар көп чогулуучу жайларга коюу пландалууда.

Дезинфекциялоочу тоннелдерди «Мекеним» улуттук кыймылы орнотту. Кыймылдын активисттери мындан тышкары шаардык ички иштер башкармалыгына 400 коргонуучу кийим жана беш миң беткап беришти.

Коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, Кыргызстанда 17-апрелге карата вирус дагы 23 кишиден табылды. Жалпы ооруга чалдыккандардын саны 489 адамга жетти. Булардын ичинен 135и Ош облусунан, 73 адам Ош шаарынан аныкталган. (ZKo)