Кыргызстандын Улуттук банкы коммерциялык банктарга насыялык аукцион алкагында берилген насыялардын кайтаруу мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу маалымат банктын расмий сайтына жайгаштырылды.
Анда 2018-жылдын май айынан кийин берилген, төлөө мөөнөтү быйыл башталган насыяларды кайтаруу убактысы жалпысынан эки жылга чейин узартылышы мүмкүн экени айтылат.
Мекеменин маалыматына караганда, 2018-жылы бөлүнгөн насыялар аймактарды өнүктүрүү максатында берилген.
Узартуу тууралуу чечимди башкы банк COVID-19 пандемиясы тийгизген зыяндын кесепетин азайтуу жана аймактарды өнүктүрүүгө жардам көрсөтүү максаты менен негиздеди.
2018-жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү, 2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү, ал эми быйылкы 2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы деп жарыяланган.
Коронавирус илдетинен улам өзгөчө абал киргизилгенден бери өлкөдө мекеме-ишканалар токтоп турат.
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 19-мартта парламентте сүйлөп жатып насыя келишиминин шарттары кайра каралып чыга турган болсо кошумча төлөмдөрдү алууга, насыясын убагында төлөй албай калгандарды айыппул төлөтүүгө убактылуу тыюу салынганын билдирген. Ошондой эле насыяны төлөө мөөнөтүн кеминде үч айга узарта туруу жөнүндө сунуш киргизилгени айтылган. (RK)