Британия: 99 жаштагы согуш ардагери дарыгерлерге 15 миллион доллар чогултту

Том Мур.

Британияда 99 жаштагы Дүйнөлүк экинчи согуштун ардагери Том Мур дарыгерлерге акча топтоо жараянынын алкагында 15 миллион доллардан ашык каражат топтоду.

Жашы 100гө таяган карыя өзүн өсмөдөн дарылаган Саламаттык сактоо боюнча улуттук кызматка ыраазычылык билдирүү максатында жана анын жаңы вирус менен күрөшүүдөгү мээнет-түйшүгүн сыйлап акча чогултуу жараянын 6-апрелде баштаган.

Анда үйүнүн короосун чыгырыктын жардамы менен айланып, күнүнө 25 метрдей басып турарын билдирген. Башында короону 100 жолу айланып, 1000 доллардан ашык каражат топтоюн деп жаткан. Бирок анын бул жараяны тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыккандан кийин кайрымдуулукка акча жөнөткөндөр эбегейсиз көбөйүп кеткен жана алардын саны 600 кишиден ашкан.

Том Мур чогулган акчанын чыпчыргасын коротпой, бир тыйынына чейин дарыгерлерге берүүнү жана кайрымдуулук акциясын дагы уланта берүүнү пландаштырып жатат.

Ал Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Индияда, Мьянмада жана Индонезияда кызмат өтөгөн.