Кыргызстанда турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө гуманитардык көмөк көрсөтүш үчүн 9 млн. сом бөлүндү.
Бул оор кырдаалда жашап жаткан адамдарды тамак-аш менен камсыз кылыш үчүн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде ачылган атайын эсепке чогултулган акчадан сарпталат.
Анын ичинен Ош шаарына 4 млн. сом, Нарын шаарына 1 млн. сом, Жалал-Абад шаарына 1 млн. сом, Сузак районуна 2 млн. сом жана Ноокат районуна 1 млн. сом бөлүндү.
Мындай чечим муктаж адамдарга жардам бөлүштүрүү боюнча комиссиянын жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Азык-түлүккө муктаж кишилер 1227.tunduk.kg электрондук системасы аркылуу жардам алыш үчүн анкета толтурса болот. (BTo)