Дүйнө лидерлери Трамптын ДССУ тууралуу чечимин айыпташты

АКШ - Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДССУ) эң көп каражат бөлгөн өлкө.

АКШ президенти Дональд Трамп Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун (ДССУ) каржылоону убактылуу токтотконун Германия, Орусия, Кытай өңдүү өлкөлөр жана Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) айыптап чыкты. Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас «Твиттердеги» баракчасына «Башкаларды күнөөлөө жакшылык алып келбейт. Эң мыкты инвестиция – бул БУУну, каражаттан каржалган Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун бекемдөө жана тесттерди, вакцинаны иштеп чыгып, таратуу» деп жазды.

Дональд Трамп 14-апрелдеги брифингде аталган ДССУну «өзүнүн негизги милдеттерин аткара алган жок жана ушундан улам жоопко тартылышы керек» деп айткан. Ошондой эле бул багытта иликтөө жүргүзүлөрүн, каржылоо ошол маалда токтоп турарын белгилеген.

Трамп ДССУнун жетекчилиги январь айынын аягында Кытайга авиакаттамдарга чектөө киргизүү тууралуу АКШнын сунушун колдобой койгонун эстеген. «Бул өпкөнү сезгенткен оорунун дүйнөгө жайылып кетишине себеп болду» деген ал.

АКШнын Өкүлдөр Палатасы Трампты бул чечимин кайра карап чыгууга чакырган. ДССУ Трамптын соңку билдирүүсү тууралуу азырынча үн ката элек.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш жагдайдан улам билдирүү таратып, ДССУ коронавируска каршы күрөштө колдоого муктаж экенин, чогуу-чаран аракеттенүү зарыл болорун эскерткен.

Дональд Трамп буга чейин да аталган уюмду «коронавирус илдети жайылган кезде Кытайга жан тарткан» деп сындаган. Уюмдун башчысы Тедрос Аданом Гебрейсус пандемияны саясатташтырбоого чакырган.

АКШ - ДССУга эң көп каражат бөлгөн өлкө. Былтыр Ак үй ага 400 миллион доллардан ашык каражат берген жана бул уюмдун бюджетинин 15% түзгөн.

АКШда соңку маалымат боюнча, коронавирус 600 миңден ашык адамдан табылды. Оорудан 26 миңдей киши көз жумду, 38 миң адам айыгып чыкты.