АКШнын президенти Дональд Трамп Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун (ДССУ) каржылоо убактылуу токтогонун билдирди. Ал 14-апрелдеги брифингде аталган уюмду «өзүнүн негизги милдеттерин аткара алган жок жана ушундан улам жоопко тартылышы керек» деп айтты. Ошондой эле бул багытта иликтөө жүргүзүлөрүн, каржылоо ошол маалда токтоп турарын белгиледи.
Трамп ДССУнун жетекчилиги январь айынын аягында Кытайга авиакаттамдарга чектөө киргизүү тууралуу АКШнын сунушун колдобой койгонун эстеди. «Бул өпкөнү сезгенткен оорунун дүйнөгө жайылып кетишине себеп болду», деп айыптады.
АКШнын Өкүлдөр Палатасы Трампты бул чечимин кайра карап чыгууга чакырды.
ДССУ Трамптын соңку билдирүүсү тууралуу азырынча үн ката элек.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш жагдайдан улам билдирүү таратты. Анда ал ДССУ коронавируска каршы күрөштө колдоого муктаж экенин, чогуу-чаран аракеттенүү зарыл болорун эскертти.
Дональд Трамп буга чейин да аталган уюмду «коронавирус илдети жайылган кезде Кытайга жан тарткан» деп сындаган. Уюмдун башчысы Тедрос Аданом Гебрейсус пандемияны саясатташтырбоого чакырган.
АКШ - ДССУга эң көп каражат бөлгөн өлкө. Былтыр Ак үй ага 400 миллион доллардан ашык каражат берген жана бул уюмдун бюджетинин 15% түзгөн.
АКШда соңку маалымат боюнча, коронавирус 600 миңден ашык адамдан табылды. Оорудан 26 миңдей киши көз жумду, 38 миң адам айыгып чыкты.
Дүйнө жүзүндө бул илдетке кабылгандар эки миллион адамга чукулдап калды, 126 миңдей киши ажал тапты, 487 миңдей киши сакайды.