ӨКМ: Өз жанын кыюуга аракет кылган аял куткарылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте өз жанын кыюуга аракет кылган аялды куткаруучулар сактап калышты. Бул тууралуу 15-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя Жал кичи районунда 14-апрелде саат 20:53тө кабат үйлөрдүн биринде болгон. Бир аял батирдин терезесине чыгып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.

Маалыматта «жерине министрликтин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары барып, аны «Тез жардамдын» кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Абалы канааттандырарлык» деп белгиленген.

Дүйнөнүн бир топ мамлекеттеринде коронавирустан улам киргизилген карантинге байланыштуу үй-бүлөлөрдө зордук-зомбулук күч алды. Бул тууралуу БУУнун баш катчысы Антонио Гуттериш 6-апрелде билдирди. (RK)